Депутат Нарматова коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып албай турганын билдирди

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 15-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып албай турганын жана ал тууралуу берүү уюштурган журналистти сотко бере турганын билдирди.

-Мыйзам ченемдүү Конституциялык милдетимди аткарып, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды 2013-жылдан бери даярдап, көтөрүп, Жогорку Кеңешке сунуш кылып келебиз,-деди депутат Нарматова.  

Ошондой эле ал ушул мыйзамга байланышуу анын жеке аброюна шек келтиген журналистти сотко берээрин кошучалады:      

-Тилекке каршы, бүгүнкү күндө менин жеке аброюма шек келтирип, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Асел Шамилова деген журналистпи, блогерби, Али Токтакуновдун Ютуб-каналынан материал чыгарып, менин үй-бүлөмө, көзү өтүп кеткен балама чейин, басып өткөн жолумдун бардыгына жалаа жаап, менин саясаттагы ордума, жекече аброюма шек келтирип, соцтармактарга таркатып, мени күнөөлөп жатат,-деди Нарматова.   

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил партия “Ата-Журт Кыргызстандын” курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетине качан киргизилери азырынча белгисиз.

31-майда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштаган. «Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар» деген Бекешев.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан бир канча депутат баш тарткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты