Депутат Мадумаров Баткенге АКШнын аскердик делегациясынын келиши боюнча маалымат берүүнү сурады

Бүгүн, 20-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров Баткенге АКШнын аскердик делегациясы кантип келип калгандыгы боюнча тиешелүү адамдардын жооп беришин өтүндү.  

Депутат Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү экендигин, бул өнөктөш катары түшүнүксүз маселе болгондугун билдирди.

-АКШ менен биздин аскердик кызматташуу боюнча келишимибиз жок. Анын долбоору да жок, Жогорку Кеңеш тарабынан каралган да эмес. Кантип аскер делегациясы ал жакка келип калды? Ким чакырды? Ким менен кызматташып жатат? Кандай макамда келди? Ушул боюнча ким болсо да кечке чейин жооп берип койсо, — деди Мадумаров.

Сүрөт: kenech.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты