Депутат Эрулан Кокулов депутаттарга: “Өкмөт келсе, үнүңөр чыкпай калат. Тизилип отурасыңар”

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Кокулов айыл өкмөттөрүндө коррупциялык схема бар экенин мисалдар менен айтып берди. Андан кийин депутаттар анын сөзүнө кулак төшөбөй жаткандыгын сындады. Ортодо депутаттар жана төрага менен, Эрулан Кокуловдун кайым айтышуусу орун алды. Депутатка төрага “жалпы депутаттарга баа бергенге акыңыз жок” десе, калган депутаттар төрага жана орун басарлары, депутаттар жакшы иштеп жаткандыгын белгиледи.

Депутат Эрулан Кокулов Таластагы “Шумкар уя” айылы жылына “Жер үй” компаниясынан  миллиард сом алып турганын, 700 млн сомду өздөштүрбөгөнүн белгиледи. “Шумкар уя” айыл өкмөтү Эгемендик күнүнө алты мекеме бүттү деп, журналисттерге акча берип чыгартып, өзүнө каршы чыгып жатканын айтты. Айыл өкмөттүн бүттү деген бир мекемеси президенттин фондунан салынган футболдук аянтча, экинчиси көмүркана, төрт эле дубалы бар, аны ачтык деп жатканын, ФАП дагы жөн гана ремонт болгон.  Бүргө баатырдын айкелинин тегерегиндеги чөптөрүн жулуп, сырдап коюптур, ошону алты мекеме бердик деп көрсөтүп жатканын сындады. “Иштебегендериңерди мойнуңарга алып, сүйлөбөй эле койбойсуңарбы?” деди айыл өкмөтүнө.

“Мен жададым мындай жашоодон” деп жыйынтыктады сөзүн депутат Эрулан Кокулов. “Мен балдарыбыздын, Кыргызстандын келечеги үчүн иштейм”. 200 объект башташкан,анын ичинен айыл өкмөтүнүн имараты эле бүткөн” деди.

Ошол жерден депутат Эрулан Кокулов депутаттарды тынч отурууга чакырды. Депутат Акылбек Түмөнбаев ага эскертүү берди.

Эрулан Көкулов “Өкмөт келсе, үнүңөр чыкпай калат. Тизилип отурасыңар”, “Күлүп отурасыңар. Силердин эч кимиңерден коркпойм. Коллективдүү органбыз дейсиңер. Токмоктун мэри аны сындаганда, эчтеке дебей отурдуңар» деди депутат Кокулов.

“Жалгыз эле ак карга боло бербей…” Спикер Эрулан Кокуловго жооп берди  

 Эрулан Кокуловго жооп кылып парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мындай деди:

-Биринчиден, жалпы депутаттарга баа бергенге акыңыз жок. Экинчиден, өкмөт келгенде, унчукпай эч калган эч ким жок. Алар конкреттүү маселе менен келет. “Бир депутат аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосуна от жакпаш керек” деди төрага.

Кимден коркуп, кимден коркпош керек,  ал сиздин ишиңиз. “Сыйга сый, сыр аякка – бал” дешет. Сыйга татыктуусузбу, сыйлайбыз, “Жалгыз эле ак карга боло бербей”-деди төрага.

“Эгер спикер спикер болсо, вице-спикер вице-спикер болсо”. “Сен эл үчүн сүйлөп калдың беле” деп эшиктин артына алып барганыңарды айткан эмесмин” деди Кокулов

Мени Токмоктун мэри “таракан кууду” дегенде, унчукпайсыңар. Жумушумду аткарып атканда, тоскоолдук болгондо, эмне сүйлөбөйсүңөр?”

Депутат Марат Мураталиев ошол жерде губернатор болуп иштегенин айтып, айыл өкмөттү жактабаганын, бирок ал жакта көп өнүгүүлөр болуп жаткандыгын айтып, “Жакшы объекттер бар, чогуу барып, көрүп керели” деп сунуштады.  

Депутат Бактыбек Чойбеков айыл өкмөт жакшы иштеп жатканын айтса, Элдар Сулайманов  Эрулан Кокуловго депутат кичине нерсени чоңойтуп көрсөтүп жатканын, Жогорку Кеңеште төрага төрагадай, анын орун басарлары да талаптагыдай иштеп, депутаттар да өз милдетин аткарып жатканын белгиледи.

«Бул жерде дагы орчундуу суроолор көтөрүлөт. Жеке таарынычыңызды трибунадан айтпаңыз. Сизди «таракан» деп айтышса, таракан болуп кеттиңизби? Же эмне, биз барып антип айтпагыла дешибиз керекпи? Бул сиздин жумушуңуз, сизге ошентип айтышкан болсо, ага чыдашыңыз керек. Парламент жакшы иштеп жатат. Спикерлер, вице-спикерлер болбосо эмне болот? Иш жүрүшүп атат. Кичинекей нерсени чоңойтуп, ызы-чуу чыгарбаңыз» деди депутат Сулайманов.

Көкүлов микрофонго чыгып, жооп берейин дегенде спикер кайра-кайра сөз бере албастыгын айтып, парламент иштеши керектигин белгиледи.

Сүрөттө: депутат Эрулан Кокулов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты