Депутат чек арага жакын аймак тургундарына курал-жарак берүүнү сунуштоодо

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов чек арага жакын аймактардын жашоочуларына курал-жарак берүү сунушталган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын демилгесине ылайык, 20 жашка толгон жарандарга курал-жарак берилип, тышкы коркунуч жаралган учурда аны колдонуу укугу болушу керек. Ошол эле маалда курал колдонууга уруксат ала турган жарандар атайын окуудан өтүп, курал колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча билимдери текшерилет.

«Чек атага жакын өзгөчө макамдагы аймактардын тургундары сырткы коркунуч жаралган учурда өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо үчүн курал-жарак колдонуу укугуна ээ болушу керек», – деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

2021-жылы май айында да Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ ушундай эле демилге менен чыгып, бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине кол салуулардын алдын алууга жана чек ара коопсуздугун камсыз кылууга жардам берерин билдиришкен. Ал мыйзам долбоору 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан кийин сунушталган. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны набыт болгону кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты