Депутат Бекешев Бишкектеги эски үйлөрдү алуудан мурда инфраструктураны жакшыртуу сунушун айтты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев адаттагыдай эле биринчилерден болуп сөз алып, Бишкек  шаарында реновация маселеси, эски үйлөрдү алуу боюнча сунушка пикирин билдирди.

-Менин дарегиме жакында жарыяланган реновация идеясы боюнча шаардыктар кабатыр болуп кайрылып жатат. Бул, изги, сонун ой, бирок бул жаңы идея эмес. Бирок мен, реновациядан мурда, инфраструктураны жакшыртуу менен алектениш керек деп айтаар элем, буга чейин айтып келгенимдей, бизде канализация түйүндөрү эскирди, жакында алар жарылып кетиши мүмкүн. Кээ бир жерлерде түтүктөр жарылып да жатат, муздак суу түтүгү да ошондой болушу мүмкүн, биринчи кезекте инфраструктураны жаңылаш керек. Муздак суу, канализация, ысык суу, жылуулук берүү түйүндөрү – булардын баарын жаңылоо кантип ишке ашышы керек? Андан дагы вице-мэр айткандай, Бишкекте 30 мектеп жетишпейт. Реновация болсо, өтө көп кабаттуу эмес үйлөр алынып, көп кабатттуу үйлөр салынат, башкача айтканда эл мындагыдан да көп болот.  Ал эми бөбөктөр кайсы бакчага, мектепке окууга барат? Шаардыктар дарыланууга каякка барышат? Ооруканадар азыртан эле жетишсиз. Ошондуктан реновацияны баштоодон мурда,  2025-жылы Бишкекке жок дегенде 15 оорукана, 30 мектеп,20  бала бакча республикалык бюджеттен акча бергиле. Канализацияны, суу түтүктөрүн алмаштырууга, паркингдерди салууга акча бергиле, ирригация, жашылдандырууга көңүл буруш керек,- деди депутат Бекешев.

Буга чейин Бишкек шаарынын архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин башчысы  Нурдан Орунтаев “хрущевка”, “сталинка” деп эл ичинде аталчу аз кабаттуу үйлөрдү бузуп, ордуна көп кабаттуу заманбап үйлөрдү куруу  керектигин билдирген. Бирок бул реновация азырынча тилек гана болуп жатканын кошумчалаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты