Депутат айым өкмөт үйүнө «Эркектердин өкмөтү» деген жазууну илип коюуну сунуштады
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Камила Талиева Нурия Кутнаеваны Санариптик өнүктүрүү министри кызмат ордунан алынышына нааразычылыгын билдирип, Министрлер кабинети гендердик балансты сактабай жаткандыгын айтты.
Талиеванын айтымында, акыркы учурда өкмөттөн аял кызматкерлер бат-баттан кетип жатат.
«Менин суроом бар эле. Эмне үчүн өкмөттөн аял кишилер бачым-бачым иштен кетип жатат? Жылдыз айым (ред. Полотова) дагы Социалдык өнүктүрүү министрлигинен жүйөсү жок, себеби жок алынды. Эми Нурия айымдын дагы себебин билишибиз керек да. Эмнеге кетти, иштей албай койдубу? Мен Кабминдин өзүнө да айттым эле, бизде гендерный баланс деген бар, министрликтерге аялдардан көбүрөөк алып келгиле деп. Аялдар жок калды. Анда Билим берүү министрин деле кетирип койгула. Анда таптакыр «Эркектердин өкмөтү» деп жазып алгыла. Андай болбойт да, аял кишилерди кызматтан тынымсыз алып жатасыңар. Өкмөт мүчөлөрү аялдардан болсун дейбиз, тескери болуп жатат»,- деп сүйлөдү депутат айым.
Эске салсак, кечээ, 29-январда Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулуп, анын ордуна Азамат Жамангулов аталган кызматка дайындалган.
Сүрөт: интернет булактары