“Дельфин” адистештирилген мектебинде капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү

  • 3 месяца мурун

«Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.ө

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды.

Ошондой эле спортчулар үчүн машыгуудан кийин маанилүү экендиги эске алынып, душ кабиналары жаңыртылды — азыр алар заманбап жана колдонууга ыңгайлуу.

Эми «Дельфин» спортко кызыккан бардык жаштар үчүн эшигин ачууга даяр.

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты