Декабрда кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекет убактылуу жабылат

  • 2 года мурун

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «ӨзбекстанАвтодорожный» жана “КызылКыяАвтодорожный” көзөмөлөткөрмө бекеттери 1-3-декабрь аралыгында жабылат.

Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат.

Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып «Кызыл-Кыя-Автодорожный» жана «Өзбекстан-Автодорожный» жолдору штаттык режимде иштеп баштайт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты