#ДатаМакала: Кургакчылык Кыргызстандагы азык-түлүктүн баасын кымбаттатты

Борбор калаанын дүкөндөрүндө килограмм нандын баасы 61 сомго чыкты. Былтыр ошол эле нан 49 сом болчу. Бул жөнөкөй инфляциянын таасириби же кургакчылык бааларды көтөрдүбү, биздин дата-изилдөөдө айтып беребиз.

Нандан сырткары башка негизги азык-түлүктөр — эт, күрүч, ун жана кант да кымбаттады. Буга дүйнөдө болуп жаткан окуялар жана экономикалык санкциялар себеп болушу ыктымал. Бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктар да кыйла кымбаттады.

Былтыр Кыргызстанда аномалдуу кургакчылык байкалган. Суунун тартыштыгынан айыл-чарба жерлери көп болгон Чүй өрөөнү эң көп жабыркады — июнь айында айрым күндөрү Бишкекте абанын температурасы 36,7 градуска жетип, нормадан 13,6 градуска жогору болгон. Ал эми жаан-чачындар нормадан дээрлик 4 эсе аз болгон.

Мындай абал кийинки айларда да байкалган.

Кургакчылык жана сугат сууларынын жетишсиздиги айыл чарба жумуштарынын темпине жана продукциянын түшүмдүүлүгүнө таасирин тийгизди. 2020-жылга салыштырмалуу, былтыр, негизги айыл чарба продукцияларынын бир гектардан алчу түшүмү азайып калган. Мисалы, кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 33%га азайган. Сиз дагы кайсы продукциянын түшүмдүүлүгү азайганын төмөнкү графиктен байкап көрсөңүз болот.

Жогорудагы сандар  - Айыл-чарба министрлигинин “жагымдуу”, “оптимисттүү” көрсөткүчтөрү. Мурдагы айыл-чарба министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, бул сандарга көп ишенич тартуулабаш керек:

Мен бул көрсөткүчтөргө, өзгөчө буудайдын көрсөткүчтөрүнө, ишенбейт элем. Анткени, бул сандар ашыкча көрсөтүлгөн. Акыркы жылдары буудайдын түшүмдүүлүгү 600 миң тоннага жакындап калган. Бирок, биздин команда иштеп жатканда бул көрсөткүч фейк экенин аныктаган”.

Кургакчылык түзмө-түз бааларга таасир тийгизет

Экс-министрдин айтымында, баалардын көтөрүлүшү түздөн-түз кургакчылык жана суунун жетишсиздигине байланыштуу:

Жер семирткичтердин кымбатташы менен бирге айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгү төмөндөдү. Ошого жараша дыйкан чыгаша менен иштей албайт”, - деп билдирди Тилек Токтогазиев.

Түшүмдүүлүктүн азайышынан улам фермерлер өндүргөн продукциясын кымбат баада сата башташты. Биз Кыргызстанда өндүрүлгөн негизги айыл чарба продукциясынын он бир жыл ичиндеги бааларын анализдеп көрдүк. 2020-жылга салыштырмалуу, былтыр айрым азыктар 40%га чейин кымбаттаган.

Былтыр кургакчылыктан улам баалардын кескин көтөрүлүшү байкалган. Мындай көрүнүш 2015-жылы да болгон. Анткени 2014-жылы кургакчылык болуп, айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү азайып кеткен. Мисалы, буудайдын түшүмдүүлүгү 29%га, ал эми арпаныкы 40%га азайган. Ошого жараша баалар да 6-7%га көтөрүлгөн.

Өсүмдүктөр менен бирге мал да кымбаттоодо

Дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү менен катар мал да түрүнө жараша 20-25%га кымбаттады.

Малдын баасынын өсүшү тоюттун баасынын өсүшү менен түздөн-түз байланыштуу. Өткөн жылдын сентябрь айында беде таңгагынын баасы 400 сомго чейин жеткен. Тоют үчүн көп жылдык чөптөрдүн түшүмдүүлүгү 14%га төмөндөгөн. Эттин баасы да ошого жараша жогорулады. 2020-жылга салыштырмалуу, 2021-жылы уй эти 24%га, жылкынын эти 17%га, койдун эти 20%га кымбаттаган.

"Ар бир кургакчыл мезгилден кийин бодо малдын баасы көтөрүлөт. Айыл чарба министрлигинин, бул учурда суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин даяр эместиги тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн азайышына алып келди. Бизде айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют базасы аз. Жаныбарларды багуу кымбатка турат, натыйжада эт кымбаттайт", - дейт Тилек Токтогазиев.

Божомол менен быйыл да суу аз болушу мүмкүн. Бул баалардын дагы өсүшүнө алып келет. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, бул жыл да жеңил болбойт.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу айыл чарба азыктарына жана азык-түлүккө болгон баалар дагы кымбатташы мүмкүн. Эл аралык эксперттер  азыртадан эле дүйнө жүзү боюнча массалык ачарчылык, жаңы инфекциялардын жана айыл чарба зыянкечтеринин коркунучу жөнүндө айтып жатышат.

Биз Кыргызстан боюнча спутниктик маалыматтарды карап чыгып, Кыргызстанда кургакчылык коэффициенти 2011-жылдан 2021-жылга чейин кандай өзгөргөнүн сүрөттөдүк.

Слайдерди жылдырып, 11 жылдын ичинде абал кандай өзгөргөнүн көрүңүз - жашыл, айыл чарбасына ыңгайлуу жерлер жана ичүүчү жана сугат суусун "сактаган" мөңгүлөр азайып, кызгылт сары - кургак аймактардын аянты көбөйдү.

Айыл чарба министрлиги өткөн жылы пландаштырылгандан көп суу берилгенине карабастан, ал жетишсиз болгондугун белгилешти.

"Мындай кырдаал болбошу үчүн, өткөн жылдын аягында биз скважиналарды жана каналдарды калыбына келтирүү боюнча комплекстүү иштерди баштадык", — деп белгиледи Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев.

Сокеевдин айтымында, Айыл чарба министрлиги жердин нымдуулугун сактоо үчүн кыштан бери себүү алдындагы, көп жылдык тоют чөптөрүн жана көп жылдык бактарды суугаруу иштери жүрүп жатат. Ал эми бардык суу сактагычтар сууга толгон.

Айыл чарба министрлиги жыл сайын өлкөдө сугат абалы жакшырат деп ишендирип келет. Алардын айтымында, өлкөнү кургакчылыкка даярдоо үчүн бюджеттен жыл сайын 1 млрд.сомго чейин бөлүнөт. Ал эми Кыргызстан суу тартыштыгына чынында эле даярбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.


Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова

Менторлор: Айзада Тома, Андрей Дорожный

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты