Дастан Бекешов: Бассейнде каза болгон баланын ишин милиция териштирбей жатат

  • 2 года мурун

Депутат Дастан Бекешов бир жума мурун «Жаштык» бассейнине барып, каза болуп калган жаш баланын ишин милиция териштирбей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Депутаттын айтымында, ага каза болгон баланын апасы кайрылып, милиция бул ишти териштирбей жатканын, ал гана эмес жалпыга маалымдоо каражаттарына «апасы өзү арыз жазбайм деп айтты» деп алдап маалымат беришкенин билдирген.

«Андай эмес экен. «Мен тескеринче жазам десем, мага жок жазбай эле кой деп атышат. Видеотасманы эч ким караган жок, экспертизаны ошол эле жумада жиберишти» дейт. «Атайын бирөө тоскоолдук кылып атат, маалыматты берген жок, бир жума ичинде экинчи, үчүнчү тергөөчү болуп атат» дейт»,- деп айтып берген депутат каза болгон баланын апасынын кайрылуусун.

Бекешов бул жөнөкөй маселе эмес экендигин, ал жерде куткаруучулар болуп, болбогондугун органдар текшериши керек экендигин кошумчалаган.

Депутат: «Ушул жерде милиция таптакыр карабай жатат. Президенттин өкүлүнөн суранат элем, ушул маселени прокуратура карап көрсүнчү»,- деген.

Эске салсак, 22-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттарга Бишкектеги «Жаштык» бассейнинде 20 жаштагы бала чөгүп кеткени кабарланган. Баланын агасынын айтымында, кырсык болгон учурда ал жерде куткаруучулар болгон эмес.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты