Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен кыргыз жараны бошотулду

  • 3 года мурун

26-сентябрда Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен делген Лейлек районунун Жаштык айылынын 26 жаштагы тургуну Уразбек Мирзоев «Кулунду» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга өткөрүлуп берилди. Бул маселе Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилигинин сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген.

Чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, Жаштык айылынын тургуну кечээ, 26-сентябрда, жубайы экөө Тажикстандын маршруттук таксиси менен Жийделик айылына бара жатканда Худжанд — Канибадам жолунан кармалган.

Бул окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү бере элек.

23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин тургундар бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты