Далил катары алынган баңгизатты уурдоого шектелген ИИБ кызматкери камалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан ИИМдин ички коопсуздук кызматы менен бирге Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иштердин алкагында далил катары табылган баңги каражаттардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыш иш боюнча далил катары өткөрүлүп берилген салмагы 10 кг. 758 гр. гашиш түрүнө кирген баңгизатты сатып өткөрүү максатында атайын сактоочу камерадан уурдагандыгы аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (“Баңгизат аражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу”) менен кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук ИИБ старшинасы М.С.С. камакка алынды.

Кылмыш ишин тергөө улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты