Даламандан Бишкекке чартердик каттам ачылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-июнда, «Манас» эл аралык аэропортунда Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча биринчи чартердик каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи каттам менен Бишкекке 63 жүргүнчү учуп келип, Даламанга 178 жүргүнчү учуп кетти.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Түркиянын өкүлдөрү катышты.  

Аталган багыт боюнча каттамды «Пегасус» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарат.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты