Дагы он жети айылдын аталышы өзгөртүлдү

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Төмөнкү айыл аттары өзгөртүлдү:

-Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз;

-Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен;

-Голбо айылын Алтын-Бешик;

-Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике;

-Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач;

-Чапаев айылын Арча-Бешик;

-Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий;

-Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы;

-Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы;

-Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай;

-Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей;

-Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы;

-Покровка айылын Семетей;

-Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек;

-Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы;

-Военно-Антоновка айылын Кожомкул;

-Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Буга чейин да бир катар айылдардын аталышы өзгөртүү мыйзамына кол коюлган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты