Бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлдү
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө мыйзамга 21-январда кол койду.
Мыйзам боюнча төмөнкү айыл аймактары жана айылдардын аталышы өзгөртүлдү:
— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде;
-Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев;
-Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан;
-Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов;
-Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз олуя;
-Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр;
Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы;
-Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында кабыл алынган.
Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Сүрөт: Интернет булактарынан