Дүйнө элдеринин эпостору. Бишкекте эл аралык фестиваль ачылат   

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 28-майда,  Бишкек шаарында  “Дүйнө элдеринин эпостору” VIII фестивалы ачылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Бул жолу фестиваль улуу манасчы, дүйнөлүк даңазага ээ болгон Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине арналат.

Программада улуттук каада-салттарды көрсөтүү, эпостордон үзүндү аткаруу, көркөм тасма көрсөтүү, илимий-практикалык симпозиум, маданий ар түрдүүлүктүн парады, эл аралык сынактар, гала концерт ж.б.

Фестивалдын программасы:

28-май

10:00 – 11:00

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы

— “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү

Т. Усубалиев атындагы аянт

11:00 – 17:00

“Маданий ар түрдүүлүктүн парады”

— “Кыргыз көчү” этно айылынын жана эл аралык кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнүн ачылышы

Турдакун Усубалиев атындагы аянт

13:00 – 17:00

Улуттук салттарды көрсөтүү:

— “Тушоо кесүү” жөрөлгөсү

— Улуттук тамак-аштар

— “Тайтору” спектакли

Кыргыз улуттук “Манас” театры (Самойленко көч., 2/9)

18:00 – 20:00

“Дарак ыры” көркөм тасмасынын көрсөтүлүшү

“Ала-Тоо” кинотеатры

29-май

10:00 – 13:00

Эл аралык сынактар:

— “Мыкты кыргыз боз үйү”

— “Улуу мурас” (салттар жана жөрөлгөлөр)

— “Саркеч көчмөн” (этностиль)

— “Мыкты айтуучу – сейтекчи”

Т. Усубалиев атындагы аянт

09:00 – 18:00

Эл аралык илимий-практикалык симпозиум

Тема: “Эпостун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери”

А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана

14:00 – 17:00

Тегерек стол: “Этникалык стиль жана мезгил образы”

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи

15:00 – 17:00

Мастер-класс: “Жаш айтуучулардын мектеби”

Улуттук тарых музейи

15:00 – 18:00

Саундчек – концерттик программага катышуучулар үчүн

Т. Усубалиев атындагы аянт

20:00 – 22:00

Фестивалдын катышуучуларынын концерттик программасы

Т. Усубалиев атындагы аянт

30-май

09:00 – 18:00

Симпозиумдун уландысы

Улуттук китепкана

10:00 – 14:00

Сынактардын жыйынтыгын чыгаруу (калыстар тобу):

— “Мыкты кыргыз боз үйү”

— “Улуу мурас”

— “Саркеч көчмөн”

— “Мыкты айтуучу – сейтекчи”

Т. Усубалиев атындагы аянт

10:00 – 12:00

Жолугушуу: Фестивалдын эл аралык чыгармачыл тобу менен Улуттук консерваториянын студенттери

Улуттук тарых музейи

17:00 – 20:00

Саундчек – гала-программа үчүн даярдык

20:00 – 23:00

Театрлаштырылган гала-программа жана фестивалдын жабылышы

— Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

Т. Усубалиев атындагы аянт

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты