COVID-19га каршы эмдөө сертификатын сатуу боюнча иликтөө башталды

  • 2 года мурун

COVID-19га каршы эмдөө сертификатын сатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрдагы чукул жыйында комиссия түзүүгө буйрук берди.

Министр кызматтык иликтөөнү «мүмкүн болушунча эртерээк» жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, күнөөлүүлөргө чара көрүлөрүн, материалдар укуктук баа берүү үчүн органдарга өткөрүлөрүн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин журналисттер эмдөө сертификаты сатылганы тууралуу фактыларды аныкташкан эле.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар 2021-жылдын июль айынан бериле баштаган. Документти COVID-19га каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 7-декабрга карата 2 миллион 615 миңден көбүрөөк адам эмдөөдөн өттү. Алардын 916 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты