COVID-19: Өлкөдө бир жумада 53 учуру катталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда бир жумада, 24нөн 30-октябрга чейин, COVID-19дун жаңы 53 учуру катталган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, 39у амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 30-октябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

2022-жылдын 9 ай 23 күнүндө COVID-19дун 21 704 учуру катталган, анын ичинде 19 697 (90,7 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,3%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты