COVID-19: Өлкөдө бир жумада 36 учур катталды
- 2 года мурун
Кыргызстанда 20-марттан 26-мартка чейинки бир жумада COVID-19дун 36 учуру аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти. Аталган бейтаптарлын арасынан 13 киши ооруканага жаткырылган.
Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.
2020-жылы жана 2023-жылдын 87 күнүндө COVID-19дун 22 миң 57 учуру катталган, анын 90,8%ы лабораториялык жактан жана 9,2 %ы клиника-эпидемиологиялык жактан тастыкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү