COVD-19: Кыргызстанда бир жумада 29 учур катталды
- 2 года мурун
Кыргызстанда 13-марттан 19-мартка чейин СOVID-19 инфекциясынын 29 учуру катталды.
Бул тууралуу дарттын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылды.
2023-жылдын 13-19-мартына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
2022-жылга жана 2023-жылдын 81 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 021 учуру катталды, анын ичинен 20 010 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү