CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Акыркы убактарда “Вечерний Бишкек” жана StanRadar басылмаларында Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир жактуу каралаган материалдар байма-бай жарыяланып келет. 

“ПолитКлиника” медиасы аталган материалдарды анализдеп көрдү. 

“ПолитКлиника” медиасынын анализине ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин сөз эркиндигине болгон басым күчөгөн. 

Парламентте 2020-2021-жылдар аралыгында сөз эркиндигине кысым келтирүү коркунучу бар делген 73 мыйзам долбоору каралган

2022-жылы абал дагы да оорлошкон. Алсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарып, кийинчерээк банктагы эсептерин да бөгөттөгөн. Мындан сырткары, Кыргызстандагы көз  карандысыз деп эсептелген “Кактус Медиа”, “Клооп” медиаларын жабуу боюнча акциялар уюштурулуп, журналисттердин ишмердүүлүгүнө коркунуч жаралган. 

2022-жылы 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Темиров баңгизатын сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча айыптар боюнча акталып, бирок “Документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Бир катар эл аралык уюмдар жана “Адилет” укуктук клиникасы Болот Темировдун өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышы жана журналисттерге болгон кысым, сөз эркиндигине каршы кадам экенин айтып келишет. 

Ушул учурда көбүнчө Орусиянын саясатын колдогон жана пропагандасын жүргүзгөн ЖМКлар “Азаттыктын” жабылышын жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын колдогон бир катар материалдарды бөлүшүшкөн. 

Алсак, “Вечерний Бишкек” гезити жана StanRadar сайты “Азаттыктын” сайтынын жабылышын Орусиядагы “Дождь” телеканалынын сайтынын жабылышына окшоштурушкан. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

“Кыргызстандын коомчулугу чагымчыл маалымат каражаттарын жабууну жана аларды “чет элдик агенттер” деп жарыялоону талап кылып, оппозициячыл “Дождь” каналын жабуу боюнча орусиялык тажрыйбага таянды. Жагдайлардын окшоштугу таң калтырат. Орусияда «Дождь» 1-мартта токтотулган. Роскомнадзор ага Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен бөгөт койгон. Ал басылманы орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу жалган маалымат жарыялаган деп айыптаган”, — деп айтылган. 

Кызыгы, эки сайттагы маалымат тең 14-декабрда жарыяланып, мазмуну окшош. Саат айырмачылыгы боюнча “Вечерний Бишкек” гезитине 12:22де, ал эми StanRadar’га 20:00 дө жарыяланганында гана айырма бар. 

Белгилей кетсек, бул материалда “Азаттыктын” сайтына карата “чагымчыл” сыяктуу кастык тилин колдонуу менен бирге “Дождь” сайтынын жабылышы тууралуу маалымат да манипуляцияланган.

«Дождь» телеканалы — YouTube’да чагылдырылган онлайн маалымат каналы.

«Дождь» 2010-жылдан 2022-жылга чейин орус лицензиясы менен, 2022-жылдын июль-декабрь айларында Латвиядан лицензия алып ишмердүүлүк жүргүзсө,  2022-жылдын декабрынан тарта Голландиянын телекөрсөтүү лицензиясы менен кабелдик тармактарда телеканал катары иштеп келет. 

Орусия Украинага басып киргенден кийин 2022-жылдын 3-мартында Орусияда телеканалдын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. Белгилүү болгондой, ага “Дождь” телеканалынын Орусиянын Украинага басып киришине карата башкача көз карашты чагылдырганы себеп болгон. 

“Дождь” телеканалы өз учурунда Орусиядагы бейтарап медиалардын бири катары эсептелип келген. 

“Вечерний Бишкек” гезити жана StanRadar сайты Кыргызстандагы башка көз карандысыз медиалар тууралуу да негативдүү жана манипулятивдүү материалдарды бир убакта бөлүшүшкөн. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн
CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн
CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

“Кыргыз Республикасынын белгилүү инсандары Жапаровду Kloop, “Азаттык” жана “Кактусту” жабууга чакырды” жана “Azattyk’тын бөгөттөлүшү: Басылманын жетекчилиги КР мыйзамдарына түкүрөбү?” деген эки материалы тең бир убакта жарыяланып, бирдей мазмунду камтыйт. 

Материалдарда Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларга карата “чет өлкөдөн каржыланган” деген өңдүү манипулятивдүү айыптоолор айтылган. 

Материалдагы көп маалыматтар журналистиканын стандарттарына ылайык жазылбай, автордун ою таңууланган. Мисалы, “Азаттыктын” сайтынын жабылышы боюнча автор бул нерсени туура деп айтып, көз карашын таңуулаганга аракет кылган. 

“Бул кадам мындай басылмаларга жана биздин чет элдик өнөктөштөргө Кыргызстандын эрежелерине, кызыкчылыктарына жана салттарын урматтоого каршы алардын баалуулуктарын жана саясатын илгерилетүү мүмкүн эместигин айкын көрсөтүп турат. Ал эми бул контекстте өлкө бийлигинин “Азаттыкка” бөгөт коюусу толугу менен жөндүү, мыйзамдуу жана негиздүү кадам. Алар АКШнын өзүндө ушундай басылмаларды жаап жаткан жокпу?”, — деп жазылат. 

Бул өз учурунда Кыргыз Республикасынын Журналисттеринин этикалык кодексинин 10-беренесине каршы келет. Аталган беренеге ылайык, фактылар, пикирлер жана божомолдор бири-биринен так ажыратылышы керек.

Жек көрүүнүн себеби эмнеде? 

“Вечерний Бишкек” гезити 1974-жылы 1-январдан тартып “Вечерний Фрунзе” деген ат менен чыга баштаган.1991-жылы март айынан баштап басылма “Вечерний Бишкек” деген жаңы аталышка ээ болгон. 

“Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында 6-декабрь күнү “АКШ жакында ЖМКлар аркылуу Кыргызстанга “суук колун” салат” деген темадагы материал жарыяланган. Анда америкалык USAID, NED сыяктуу программалар Кыргызстандагы 20га жакын медиага акчалай колдоо көрсөтүү менен басып алууну көздөп жатканы айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы Вечерний Бишкек сайты маалыматты бир канча жерден бурмалап, кастык тилин колдонгонун аныктап чыккан. Маалыматта журналисттер “батышчыл” деп аталып, автордун жеке ою таңууланган. Материалдагы маалыматтар бурмалануу менен бирге Кыргыз Республикасынын Журналисттеринин этикалык кодексинин 4-беренеси бузулган.

“Вечерний Бишкек” гезитиндеги материалдарды анализдеп көрө турган болсок, 2017-жылдан бери гезиттеги макалалардын багыты бир канча жолу өзгөргөнүн көрүүгө болот.  Мисалы, Кыргызстандагы белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу 2017 жана 2021-жылдары бейтарап жаңылыктар чыккан.

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Бирок өлкөдө бийлик алмашкандан кийин 2021-жылдан тартып “Вечерний Бишкек” гезитинин материалдары жана анда колдонулган тили да журналистерге карата бир кыйла өзгөргөн. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Ошол эле иликтөөчү журналист Болот Темировго карата 2022-жылы бир канча негативдүү маанайдагы материалдар жарыяланган. Алардын көбүндө журналист Болот Темиров “батыш менен мамилеси жакын жана Кыргызстандын бийлигин дискредитация кылууга аракет кылган адам” катары көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.  Бир катар эл аралык уюмдар жана “Адилет” укуктук клиникасы Болот Темиров өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганын жана бул сөз эркиндигине каршы кадам экенин айтышкан.

“Вечерний Бишкек” гезити АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстан менен мамилесине жана бейөкмөт уюмдарга карата көпчүлүк учурда негативдүү маанайдагы материалдарды жарыялайт. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Мисалы, 2020-жылы 8-марттагы жүрүш жөнүндөгү материалда да ЛГБТ коомчулугу жана феминисттер тууралуу терс көз караш жаратуу аракети болгон. 

Өзгөчө соңку жылдары Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМК жана уюмдарга болгон чабуулдардын күчөшү Орусиянын бул багытта болгон саясаты менен туура келет. 

Анткени Орусияда 2012-жылдан баштап четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды “тыңчы” катары таануу боюнча мыйзам кабыл алына баштаган.  Орусияда алгач “чет элдик агент” деп юридикалык жактар, мисалы, ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да “чет элдик тыңчы” катары тааныла баштаган.

Азыркы учурда бул мыйзамга ылайык, ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп, андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды, алса ал “чет элдик ЖМК агенти” катары таанылышы мүмкүн.

Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунттуктоонун, оозун басуунун жаңы куралы деп аташкан.

Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары бир канча ирет сунушташкан. Алар сунуштаган мыйзамдын плагиат экенин “ПолитКлиника” медиасы аныктап чыккан. 

Ал эми феминисттик жүрүштөрдү жана ЛГБТ кыймылын дискредитациялоо аракети да Орусияда 2013-жылдан баштап киргизиле баштаган. 

Башкача айтканда, Орусиянын мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр бара-бара Кыргызстандын мыйзамына киргизүү аракети көп жылдардан бери активдүү ишке ашырылып келет. 

Бул багытта эң көп коркунучка кептелген тарап Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар болууда. 

“Вечерний Бишкек” гезитинде 2021-жылдан баштап өлкөдөгү бейтарап медиаларга карата активдүү чабуул башталган.

Аталган материалдардын көбү “Батыштан каржыланган медиалар”, “Батышчылдар” деген өңдүү кастык сөздөрү менен коштолгон. Ошондой эле “АКШ Кыргызстанды Орусиядан “тартып алуу” аракетинде” деген өңдүү материалдарында Кыргызстан эгемен мамлекет эмес, Орусиянын бир бөлүгү сыяктуу көрсөтүү аракети бар экени жана автор Журналисттердин этикалык кодексинин бир канча беренесин бузганы көрүнүп турат. Анткени журналист өз ишмердүүлүгүндө жеке оюн таңуулаганга укуксуз. 

“Вечерний Бишкек” гезити көп учурда Кыргызстандагы саясат тууралуу эч кандай шилтеме бербестен, манипулятивдүү маалыматтарды жарыялап келет. 

 Орусиянын саясатын пропагандалаган StanRadar сайты

Кыргызстанда Орусиянын саясатына баш ийген жана аны колдогон бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары бар. Аталган ЖМКлар Орусиянын Украинага басып киргенин “атайын операция” деп атоо менен бирге Кыргызстандын ички саясатына түздөн-түз кийлигишет. Алардын бири StanRadar сайты. Аталган сайт “Who is” домен текшерүү сервисинин маалыматына ылайык, 2012-жылы каттоодон өткөн. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Сайттын серверинин “ru” домени StanRadar сайтынын Орусияда катталганын айгинелейт. 

Буга чейин StanRadar’дын ошол учурдагы башчысы Григорий Михайлов сайт Орусиядан каржыланбай турганын айткан. Бирок сайттын Борбор Азияда орус тилин жайылтуу тууралуу үгүттөөлөрү жана эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирбей турган болсо, кандай коркунучка кептеле турганы тууралуу “эскертүү” материалдар байма-бай жарыяланып турган. 

StanRadar сайтында Казакстан, Тажикстан, Түрмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын социалдык жана саясий абалы тууралуу маалыматтар да жарыяланып турат. 

Алсак, 23-январда  “Кыргызстанды “украиндаштыруу” кызуу жүрүп жатабы?” деген материал жарыяланган. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Анда Кыргызстанда кыргыз тилин популярдаштыруу аракеттери сындалып, Кыргызстан Украинанын изи менен баратканы тууралуу “эскертүү” айтылган.

“Баары, менин оюмча, Украина менен салыштыруудан тажап бүтүштү. Бирок ал да жөнөкөй ушундай улуттук өзүн-өзү таануу сыяктуу мыйзамдарды ишке ашыруудан башталган. Мындай майда кадамдар менен нацизмге карай жылып барууга болот. Мен чындыгында өлкөнүн [Кыргызстандын] «Украина 2.0» болуп баратканына күбө болгум келбейт”, — деп жазылган. 

Башкача айтканда, бул материалда Кыргызстанда өз тилин өркүндөтүүгө каршы сырткы кийлигишүү жана дискриминация бар. 

Бул өлкөнүн ички саясатына түздөн-түз кийлигишүү катары бааланат. Анткени Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “Кыргызстан көз карандысыз, ички жана тышкы саясатын өзү аныктай турган мамлекет” деп так, даана жазылган. 

Башкача айтканда, эч бир мамлекет Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип, багыттарын сыноого укугу жок. Бул Кыргызстан мүчө болгон БУУнун “Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбестик жана  алардын көз карандысыздыгын, суверенитетин коргоо жөнүндө” декларациясында да белгиленген. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Декларацияга ылайык, эч бир мамлекет башка бир суверендүү мамлекетке кызыкчылыктарын ишке ашырууга баш ийдирүүгө же андан кандайдыр бир артыкчылыкка ээ болууга мажбурлоо үчүн экономикалык, саясий же башка чараларды колдоно албайт. 

Ал эми StanRadar сайтында бул эрежелердин бири дагы сакталган эмес. Анткени сайтта Кыргызстанга карата эскертүү жана коркутууларды көп кездештирүүгө болот. 

CopyPaste: “Вечерний Бишкек” жана StanRadar Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн

Дал ушул сайтта Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларга жана уюмдарга каршы дагы көптөгөн манипулятивдүү жана пропагандалык материалдар жарыяланып турат. 

Жыйынтык: “Вечерний Бишкек” гезити жана StanRadar сайты Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир жактуу каралоодо окшош материалдарды бөлүшкөн. Анда айтылган маалыматтарга эч кандай шилтеме берилбей, көпчүлүк учурда журналисттин ою таңууланган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты