Манипуляция жана калп. “Вечерний Бишкек” Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир жактуу каралаган

6-декабрда “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында “АКШ жакында ЖМКлар аркылуу Кыргызстанга «суук колун» салат” деген беш тема менен материал жарыяланган. Анда америкалык USAID, NED сыяктуу программалар Кыргызстандагы 20га жакын медиага акчалай колдоо көрсөтүү менен басып алууну көздөп жатканы айтылат.

Манипуляция жана калп. “Вечерний Бишкек” Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир жактуу каралаган

“ПолитКлиника” медиасы “Вечерний Бишкек” гезитинин материалы манипуляция экенин жана эмнеге ага ишенүүгө болбой турганын түшүндүрүп берет.

  1. “USAID 12 медианы каржылаган” 

Материалдын кириш бөлүгүндө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана “Медиа-К” аттуу долбоор тууралуу айтылат. Беш жылга созулган «Медиа-К» долбоорунун алкагында 12 медиага ири суммада акчалай колдоо көрсөткөнү белгиленет. 

“Белый парус» маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, америкалыктар “Медиа-К” долбоору боюнча Кыргызстандагы 12 жалпыга маалымдоо каражаты менен бейөкмөт уюмдарды: НТС, «ТВ1kg», «Клооп.Медиа», «Кактус.Медиа», «ПолитКлиника», «Салам радио», «24.kg», «Говори ТВ», «Марал ТВ», «Элгезит», «ЛюбимыйТВ» жана «Медиа Полиси институтун” жалпы суммасы 10 миллион 650 миң АКШ долларына каржылаган”,  — деп айтылат. 

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын өлкөдө айыл-чарбаны өнүктүрүүдөн баштап, ден-соолукту чыңдоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана демократияны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат. 

USAID Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен 1992-жылдын аягында, өлкө эгемендүүлүк алгандан көп өтпөй иштеше баштаган. Аталган агенттик алгач өкмөткө кичи жана орто ишканалардын көйгөйлөрүн чечүүгө, андан кийин медицина жана башка тармактарда ар кандай колдоо көрсөтө баштаган.

Маалыматта айтылган USAID’дин “Медиа-К” долбоору Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү багытында 2017-жылы башталган. Долбоордун максаты жарандардын ар түрдүү жана тең салмактуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана ЖМКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган.

Ал эми долбоордун бюджети тууралуу маалыматты ачык булактардан оңой эле табууга болот. Башкача айтканда, бул “АКШнын сырдуу долбоору” эмес.

Анткени, “Медиа-К” долбоору башталганда ачык конкурс жарыяланып, Кыргызстандагы бардык медиалар катышууга чакырылган.  Жыйынтыгында 40ка жакын медианын арасынан эң күчтүүлөрү тандалып алынган. 

Долбоордун алкагында 1500дөн ашуун ЖМКнын өкүлдөрү ар тараптуу билим алып, көптөгөн иликтөөлөр, дата материалдар жана башка коомдук маанилүү материалдарды чыгарышкан.

Жыйынтык: USAID Кыргызстанда “Медиа-К” долбоорунун алкагында 15ке жакын ЖМКга колдоо көрсөткөнү чындык. Бирок бул автор байланыштыргысы келген “Кыргызстанды басып алуу миссиясынын” бир бөлүгү эмес. Автор долбоор жөнүндө толук маалымат бербей, манипуляциялаган. 

2. “NED программасын ЦРУнун тыңчылары башкарат”

Макаланын экинчи бөлүгүндө NED программасы тууралуу сөз болот. 

“Көпчүлүк батышчыл ЖМКлар (грант алуучулардын чөйрөсү дээрлик жогорудагылар) NED – «Улуттук демократия фондунун” гранттарында бекем отуруп алышкан”, — деп жазылат макалада.

Автор экинчи бөлүктө журналисттерди “батышчыл” деп атоо менен алгач “кастык тилин” колдонгон. 

Кастык тили — бул бир топту башкаларына жек көрдүрүү максатында колдонулган коркунучтуу тил. Кастык тилин колдонуу Журналисттердин этикалык кодексине да каршы келет. 

Материалдын кийинки бөлүгүндө NED программасын АКШнын чалгындоо кызматынын адамдары башкара турганы айтылат. 

“Бул «Улуттук демократия фонду» өз мезгилинде кадимки Советтер Союзуна каршы иштеген бүтүндөй бир бөлүп-жаруучу системанын негизги элементи болгондугун эске сала кетели. NEDдин түзүмүн ЦРУнун (АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы — ред.) директору Ж. Уильям Кейс жана АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешине караштуу пропаганда жана дезинформация боюнча адиси, ЦРУнун штаттан тышкаркы кызматкери Уолтер Рэймонд иштеп чыккан. Азыркы кезде дагы NED Вашингтонго баш ийбеген мамлекеттерди туруксуздаштыруу максатында иш алып барат”, — деп айтылган. 

“National Endowment for Democracy” (NED) фонду 1983-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча демократиялык институттарды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө арналган ишмердүүлүктү аркалап келет. NED фонду жыл сайын 90дон ашык өлкөдө демократиялык максаттарды көздөгөн чет өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын долбоорлорун колдоо үчүн миңден ашык гранттарды берет.

Уюмдун максаты көз карандысыз медиалардын өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат. Мындан сырткары уюм жыл сайын ачык гранттык сынактарды жарыялайт жана ага бардык демократияны колдогон ММКлар жана бейөкмөт уюмдар катыша алат. Башкача айтканда NED уюмунун гранттары да “сырдуу жана бөлүп жаруучу мүнөзгө ээ” деген сөз чындыкка дал келбейт.

Мындан сырткары, автор NEDдин түзүмүн ЦРУнун кызматкерлери Ж. Уильям Кейс жана Уолтер Рэймонд аттуу адамдар иштеп чыкканын айтып, бирок эч бир маалыматка официалдуу шилтеме берген эмес.

Ал эми  NED уюму өз убагында Советтер Союзун кулатуу үчүн иштелип чыкканы тууралуу маалымат орусиялык булактарда жарыяланып келет. Орусия менен АКШнын ортосундагы саясий мамилени эске алуу менен, каршы тараптын чыгарган маалыматы дайыма чындыкка жакын болбой турганы бир катар анализдердин жыйынтыгында белгилүү болгон. 

Жыйынтык: Материалда NED уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу бир жактуу маалымат берилип, журналисттерге карата кастык тили колдонулган. 

3. “NED жана USAID провокациялык маанидеги макалалар менен видеороликтерди каржылоону улантат”

Материалдын кийинки бөлүгүндө автор АКШлык NED жана USAID уюмдары Кыргызстанды туруксуздаштыруу үчүн провакациялык материалдарды каржылоону уланта турганы белгиленет.

“Башкача айтканда, ЮСАИД провокациялык маанидеги макалалар менен видеороликтерди каржылоону улантат. Кыргызстандагы батышчыл маалымат каражаттарынын көпчүлүк материалдары өлкөдөгү орус жана кытай таасирин басууга багытталганында эч шек жок. Анткени эки мамлекет тең АКШнын бул аймактагы атаандаштары болуп саналат” , — деп жазылган. 

Автор материалдын бул бөлүгүндө манипуляциянын “Көпчүлүккө апелляция” же – жалпы элдин ою катары көрсөтүү түрүн колдонгон. Айтылган маалыматтар жалпыланып, “бүтүндөй эл бул ой менен макул” деген максатта берилген. 

Маалыматта алгач автор “провокациялык маанидеги макалалар менен видеороликтер” тууралуу айтып, бирок түшүндүрмө берген эмес. Эгер маалымат чындыкка дал келсе, АКШ тараптан каржыланган 20га жакын медиада “Кыргызстан АКШга жакындагысы келет” деген сыяктуу материалдарга шилтеме берилиши керек болчу.

Тескерисинче, автор “Батышчыл ММКлар Орусия менен Кытайдын таасирин басаңдаткысы келет” деп өзү провокацияга жол берген. Анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинде Кыргызстан көз карандысыз жана эгемен мамлекет экени жазылган. Башкача айтканда, кээ бир мамлекеттерди Кыргызстандын аймагына “атаандаш” өлкөлөр катары көрсөтүү бул Кыргызстанды “көз каранды өлкө” деп таануу менен барабар. Кыргызстан эгемен өлкө катары мамлекеттин ички саясатына же тышкы саясатына багыт берүүгө же басым кылууга АКШнын, Орусиянын, Кытайдын жана эч бир мамлекеттин акысы жок. 

Жыйынтык: Автор АКШны каралоого аракет кылып, Орусия менен Кытайдын Кыргызстанга болгон ар тараптуу таасирин колдогон. Бул Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 1-беренесине каршы келет. 

4. “АКШ жакында ЖМКлар аркылуу «суук колун» Кыргызстанга салат”

Материалдын кийинки бөлүгүндө NED жана USAID уюмдарынын каржылоосу тууралуу сөз болуп, АКШ жакында Кыргызстанга ЖМКлар аркылуу “суук колун” сала турганы белгиленет:

“Ошентип АКШ бийлиги өз пландарын Кыргызстан аркылуу ишке ашырып, бул региондо өз позициясын мындан дагы бекемдөөнү көздөп жатат. Башкача айтканда, АКШ жакында ЖМКлар аркылуу «суук колун» Кыргызстанга салат”

Бул бөлүктө дагы пропаганда жана манипуляциянын  үч түрү колдонулган:

– көпчүлүккө апелляция – жалпы элдин ою катары көрсөтүү;

– дезинформация – маалыматты бурмалоо;

 – лингвистикалык пропаганда – кооз, боектолгон сөздөрдү пайдалануу.

Мында да автор эч кандай конкреттүү далилдерди келтире алган эмес. Ошондой эле автор өзүнүн жеке оюн таңуулоого аракет кылган.  

Жыйынтык: Тиешелүү далилдер жок жана манипуляция менен пропаганданын элементтери колдонулган. 

5. “Кыргызстандын карапайым эли да өтө сак болуусу керек!”. «Вечерний Бишкек» гезитине медиасын

«Вечерний Бишкек» гезитинин “АКШ жакында ЖМКлар аркылуу «суук колун» Кыргызстанга салат” деген материалында бир канча жолу манипуляциянын жана пропоганданын элементтери колдонулган.

Ал эми материалдын эң акыркы бөлүгүндө өз оюн таңуулоо жана үгүттөө сөздөрү айтылган:

“Биз буга кайдыгер карабашыбыз кажет, ар кандай деструктивдүү аракеттердин болуп кетүү мүмкүндүгүнө жол бербеш үчүн уга турган, түшүнө турган жердин баарына азыртадан коңгуроо кагышыбыз зарыл!”

Мына ушундай чоң-чоң суммадагы акча бөлүнгөндөн кийин океандын ар жагындагы заказчиктердин 2023-жылы өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча чоң пландары даярдалып, күтүлүп жатканы турган иш. Ошондуктан Кыргызстандын карапайым эли да өтө сак болуусу керек!..” ,  — деп үгүттөө сөздөрү колдонулган.

Далилсиз жана бир жактуу каралоочу материалды жарыялоо менен «Вечерний Бишкек» гезити Журналисттердин этикалык кодексинин бир канча беренесин бузган. 

Атап айтканда, 2022-жылы жаңыланган этикалык кодекстин төрт пункту бузулган.

Манипуляция жана калп. “Вечерний Бишкек” Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир жактуу каралаган
  1. Коомдун таламдарына, адамдын жана жарандын укуктарына зыян келтирүүчү, согушту жана зордук-зомбулукту, расалык, улуттук, аймактык, диний жана социалдык, ошондой эле сексуалдык, гендердик жана сексуалдык теңсиздикти пропагандалоочу журналисттик ишмердүүлүккө жол берилбейт. (6-берене) 

Журналисттик материалдарды даярдоодо журналист жогоруда айтылган чөйрөлөрдөгү терс стереотиптер коомдук пикирге терең терс таасирин тийгизип, басмырлоого, жек көрүүчүлүккө, адам жана жарандык укуктардын бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин түшүнүшү керек.

  1. Журналист эч кандай шартта билип туруп жалган маалымат таратпайт. Эгерде ал чындыкка дал келбесе жана ушул Кодекстин нормаларын бузса, журналист бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен бардык таралган маалыматты оңдоого милдеттүү. (8-берене) 
  2.   Фактылар, пикирлер жана божомолдор бири-биринен так ажыратылышы керек. (10-берене)
  3. Журналист плагиат кылбайт. Кандайдыр бир маалыматтарды, цитаталарды келтирүүдө журналист сөзсүз түрдө булакка шилтеме жасашы керек.

Белгилей кетсек, “Вечерний Бишкек” гезити буга чейин да жалган жана манипулятивдүү материалдарды жарыялап келген.

Жыйынтык: “Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир жактуу каралаганы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты