«Чымчык эркиндикте». Илон Маск Twitter’ди 44 миллиард долларга сатып алды

  • 1 год мурун

SpaceX менен Tesla’нын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter социалдык түйүнүн 44 миллиард долларга сатып алды. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Маск бул окуяга “Чымчык эркиндикте” деп комментарий берди.

27-октябрда Маск Twitter’дин башкы кеңсесине келген видеосун жарыялап, соцтармактагы статусун өзгөртүп, өзүн “башкы твитчи” (Chief Twit) деп сыпаттады.

Reuters менен The Washington Post жазгандай, Маск ошол эле күнү Twitter’дин аткаруучу директору Параг Агравалды, каржы директору Нед Сигалды, укуктук маселелер боюнча жетекчи Вижайя Гаддени жана башкы юридикалык кеңешчи Шон Эджетти иштен алды. Маалыматка караганда, ал аларды платформадагы фейк аккаунттардын саны боюнча аны жана инвесторлорду адаштырууга айыптаган.

Маск жаңы жетекчилик тандалганга чейин компаниянын башчысынын милдетин аткарары белгиленүүдө.

Масктын айтымында, ал Twitter’ди ар түрдүү пикирлерди талкуулоо үчүн “жалпы санариптик шаардык аянтча” жаратуу максатында сатып алганын билдирген. Буга чейин ал платформанын чыгымдарын азайтып, соцтармакты инновациялуу, ачык жана меймандос кылууга убада берген. Мындан тышкары ал платформадагы контентти модерациялоо эрежелерин жумшартууну жана бөгөттөөлөрдү, анын ичинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка киргизилген чектөөнү аларын айткан.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты