Чолпон-Атада балдардын республикалык реабилитациялык борбору ачылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 25-майда Чолпон-Ата шаарында Ибн Сина атындагы балдардын республикалык реабилитациялык борборун ачты.

Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан кургак учукка чалдыккандардын саны жогору болгон дүйнөдөгү 18 өлкөнүн катарына кирет. Буга байланыштуу мындай абалдан чыгуу максатында өлкөдө кургак учукка каршы заманбап дары-дармек колдонуу менен кургак учукту дарылоонун натыйжалуу режимдери киргизилген. 

Бул медициналык мекеме 1937-жылдан бери бронх оорулары жана кургак учуктун жеңил түрү менен жабыркаган балдар үчүн санаторий катары иштеп келген.

Республикалык балдар санаторийи 2005-жылдан тарта Ибн Сина атындагы балдардын республикалык реабилитациялык борбору болуп кайра түзүлгөн. Борбор 100 орунга ылайыкташып, 4 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алып, жыл бою иштейт.

Бул жерде кургак учуктун жугуштуу эмес формасы жана өнөкөт өпкө оорусу менен жабыркаган балдар дарыланып, реабилитациядан өтүшөт. 

Мекемеде 57 адам эмгектенет, анын ичинде: дарыгерлер, медайымдар, көмөкчү медайымдар, мугалимдер, тарбиячылар жана администрация бар.

Мамлекет башчы статистикалык маалыматтар боюнча акыркы 10 жылдын ичинде кургак учукка чалдыккандардын саны стабилдүү түрдө азайганын айтты. 2023-жылы кургак учуктун 4183 жаңы учуру катталган болсо, бул 2022-жылга салыштырмалуу 385 учурга аз болуп эсептелет. Айрыкча балдар арасында бул дартка кабылгандардын саны төмөндөгөн. 

Сүрөт: president.kg

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты