Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун жыйыны өтүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүүдө.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Тегерек столдун алкагында 13 долбоорго каржылык колдоо тартуу иштери жүрүп жатат. Эгерде сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, тартылган каражаттар ипотекалык насыялоо, транспорт,  саламаттык сактоо, ирригация, билим берүү, байланыш тармактарына багытталат.  

Маалымат үчүн: Aраб координациялык тобунун мүчөлөрү – Ислам өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү фонду (KАЭӨФ), ОПЕК Эл аралык фонду, Катар өнүктүрүү фонду (KӨФ), Абу-Даби өнүктүрүү фонду (АДӨФ) жана башкалар.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты