Аалы Карашев: Аймактык башкарууну реформалоонун он шарты   

Бишкекте аймактык башкарууну мындан ары реформалоо маселелери боюнча тегерек стол өттү.  Иш-чарага  мамлекеттик ишмерлер, муниципалитеттердин өкүлдөрү, эксперттер жана активисттер катышып, аймактык башкаруу системасын жана сапатын мындан ары жакшыртуу боюнча бир катар чараларды сунушташты.

Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аалы Карашев аймактык башкарууну реформалоодо сакталышы керек болгон негизги 10 шартты белгиледи.

1. Аймакты башкаруунун моделин аныктоо зарыл. Облустук же райондук деңгээлде калктын бардык кечиктирилгис маселелерин жеринде толук чече турган мамлекеттик аймактык башкаруунун базалык деңгээли камсыз болсун;

2. Жогорудагы милдетти чечүү үчүн райондук бюджеттерди калыбына келтирүүнү тездетүү зарыл, ал эми бюджет иштеп эле тим болбостон, өнүгүүгө да өбөлгө болсун;

3. Мыйзамдарга кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, райондук кеңештер 2023-жылдын 1-январынан тартып ишин башташы керек, анын негизги милдеттеринин бири бюджеттин аткарылышын бекитүү жана көзөмөлдөө болот;

 4. Мамлекеттик бийликтин вертикалын бекемдөө жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын ролун жогорулатуу максатында, райондун жетекчилерин дайындоо жана алардын ишинин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу бөлүгүндө акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүү зарыл;

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – башкаруунун негизги деңгээли бойдон калууга тийиш. Анткени, жарандар шаарларда, айылдарда, конуштарда, башкача айтканда, эл жыш отурукташкан жерлерде жашашат  жана алар жергиликтүү жамааттарды түзөт;

6. Райондордун ролун күчөтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына доо кетирбеш керек, өзгөчө бюджетти түзүү маселелеринде. Айыл аймактарынын бюджеттери өз көлөмү боюнча гана калбастан, акырындап көбөйүшү керек;

Райондук бюджеттер айылдык жана шаардык бюджеттердин кыскартылышынын эсебинен түзүлбөй, республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн эсебинен бөлүнгөн кирешелердин туруктуу булактарынан түзүлүшү керек; 

 7. Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так чектөө маселеси актуалдуу бойдон калууда. 

Бул өзгөчө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда ачык көрүнүп турат, алар көп учурда тийиштүү финансылык колдоосуз муниципалитеттерге өткөрүлүп берилет.

Берилген ыйгарым укуктарды бюджеттик бекемдөө боюнча мыйзам ченемдери бар болсо да, бул иш жүзүндө дайыма эле аткарыла бербейт.

Кырдаалды оңдоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусу менен бул мыйзам ченемдерин сактоого мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү сунушталууда;

 8. Облустук резервден жана муниципалдык кадрдык резервден дайындоого карата «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдардын нормаларын сактоо жагында да мониторинг жүргүзүлүшү керек:

9. Түздөн-түз, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлчүлүктүү органдары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары аркылуу күнүмдүк демократиянын механизмдери аркылуу социалдык маанилүү маселелерди чечүүдө жарандардын жана жергиликтүү жамааттардын маанисин жогорулатуу зарыл;

 10. Жергиликтүү жамааттардын жана карапайым тургундардын турмуштук маанилүү маселелерин чечүүдө айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарынын ролун күчөтүү керек.

 Иш-чарада Аалы Карашев жаңы мыйзамдын кабыл алынганына жакында бир жыл болорун баса белгилеп, анын толук ишке ашырылышын кааларын айтты.

Негизги максат күчтүү мамлекеттик башкаруу менен өнүккөн, жоопкерчиликтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун шайкеш айкалышын калыптандыруу экендиги белгиленди. 

Катышуучулар  бул үчүн бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен аракеттери керек деген бүтүмгө келишти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты