Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн мурдагы орун басары кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.М.Б. жана анын жакын тууганы Б.А.Б. кармалды.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, УКМК аталган А.М.Б. мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышын пайдаланып, уюшкан топтун курамында Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер участокторун жеке менчикке берүү жөнүндө токтомдорду жана башка документтерди жасалмалап жүргөндүгүн аныктаган.
Андан соң аларды өздөрүнө тиешелүү адамдардын атына каттатып, үчүнчү жактарга саткан.
Учурда алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактылары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.


Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан