Чет өлкөдөгү жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча күнү-түнү иштөөчү борбор ишке кирди
- 2 месяца мурун
17-декабрда тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоо максатында, жарандар менен ыңгайлуу жана жеткиликтүү байланыш түзүү үчүн жарандардын кайрылууларын кароо боюнча күнү-түнү иштей турган борбордун ишке киргенин жарыя кылды.
Бул борбор аркылуу консулдук кызматтардын кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөнкү багыттардагы тиешелүү маалыматтарды ала алышат:
- визаларды тариздөө;
- паспорт маселелери;
- жарандык абалдын актыларын каттоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча арыздар;
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу;
- башка консулдук кызматтар.
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары документтерин жоготкон учурда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган же консулдук-укуктук маселелер боюнча башка кырдаалдарда «ыкчам байланыш» телефон аркылуу онлайн-консультациялык жардам көрсөтүшөт.
Жардам алуу үчүн +996 999 312 002 номерине WhatsApp же e-consul.gov.kg сайты, ошондой эле Facebook, Instagram, WhatsApp, Telegram социалдык тармактары аркылуу кайрылууга болот.