Чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандарга консулдук кызмат сервис борборлору аркылуу көрсөтүлөт

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор (2024-жылдын 1-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин) өткөрүлөт. 

Бул тууралуу токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.

Чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү максатында тышкы иштер министрлиги тарабынан Россия Федерациясында тейлөө борборлорун – жарандарды кабыл алуу, анын ичинде коштоочу кызматтардын бардык спектрлери, атап айтканда, алдын ала жазуу, жабдуу, кызматкерлердин да, келген адамдардын да коопсуздугун камсыздоо, жарандарга консультация берүүүчүн 24/7 колл-борбору, документтердин даяр болгондугу жөнүндө билдирүү үчүн жумушчу зоналарды берүү жөнүндөкызматташуу маселеси иштелип чыккан. 

Баалоо маалыматтары боюнча учурда 1 миллиондон ашык  жаран Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүрөт. 2023-жылдын 5 айында 60 миңден ашык, 2022-жылы 163 миңден ашык консулдук кызмат көрсөтүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты