Чек арадан мыйзамсыз акча ташып өтүү фактысына бөгөт коюлду

  • 1 год мурун

«Достук- автодорожный» чек ара постунан Чек ара кызматы менен бажы кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз акча ташып өтүү фактысына бөгөт коюшту.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 27-мартта саат 10:50дө  Орусиянын Р.Х. аттуу жараны Кыргызстандан Өзбекстанга бармак болгон. Чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүүдө ал жарандан декларацияанбаган жана чек арадан алып өтүүсү мыйзамсыз болуп эсептелген, жалпы суммасы 16 миң 275 АКШ доллары табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран кармалган жана мыйзамсыз акча каражаттары териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты