Чек ара кызматында аскер каза болду

  • 1 год мурун

Кечээ, 9-ноябрда, чек ара кызматында аскер каза болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын Мааламат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, А.Т.у аскер таңкы саат 5:45те дене табы жогорулап, тамагы ооруп жатканын медициналык кызматкерлерге билдирген. Медициналык байкоо жүргузүү үчүн ал стационарга жаткызырылган.

15:00 чамасында анын абалы кескин начарлап, кан кускан. Тез жардам кызматы чакырылып, алар келгенде жоокердин каза болгонун катташкан.

Бул факт боюнча тийиштүү органдарга маалымат берилип, Аскер прокуратурасынын жана ИИМдин өкүлдөрү менен бирге жоокердин денесин ачышкан.

Жоокердин өлүмү боюнча иликтөө башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты