Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Министрдин милдетин аткаруучу УКМК кызматкери болду
- 1 неделя мурун
Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Каныбек Досмамбетовдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу тиешелүү жарлыктарга Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Каныбек Досмамбетов УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетектегени айтылууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




