Чүй облусунун Садовое айылында 14 жаштагы кызга кол салууга шектүү кармалды   

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында 14 жашар кызга кол салган киши кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда 14 жаштагы кызды муунтууга аракет кылганы тууралуу маалымат тараган.

Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренеси боюнча каттоого алынган.

Тергөө учурунда 1994-жылы туулган, мурда соттолгон А.Р. аттуу жаран шектүү деп табылган. Шектүү кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сүрөт: Чүй ОИББ басма сөз кызматы    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты