Чүй облусунда таштанды челектен ымыркайдын сөөгү табылды

  • 4 недели мурун

12-ноябрда болжол менен саат 12:30 чамасында Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) Комсомольское айылындагы таштанды таштоочу жайдан ымыркайдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Чүй РИИБ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул факт катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө 1975-жылы туулган жергиликтүү Г.И. аттуу тургун Дорожная көчөсүндөгү таштанды челегинен жаңы төрөлгөн кыздын сөөгү табылганын билдирген. Ымыркайдын сөөгү ак пакетке салынып, үстүнө аялдардын кара  футболкасына оролгон. Ымыркайдын киндиги кесилбеген абалда болгон.

Сөөк соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү) белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары, көрсөтүлгөн айылда убактылуу жашап жүргөн 2002-жылы туулган А.Ф. атту жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты