Чүй облусунда Чаа бийге эстелик ачылды
- 11 месяцев мурун
Чүй облусунун Беловодск айылынын борбордук аянтында 6-августта Чаа бийдин айкели ачылды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта белгиленгендей, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Чаа бий кыргыз элинин эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн символдорунун бири экенин белгиледи. Ал эми анын эстелигинин ачылышы – элдин терең урматтоосунун, тарыхый эстутумду сактоонун жана улуттук аң-сезимди бекемдөөнүн символу катары сыпаттады.
Иманкулов жарандарды биримдикте болууга, тарыхты унутпоого, мекенчил болууга чакырды.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




