Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды
- 4 месяца мурун
Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыги (ОИИББ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 30-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 2000-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Арызда көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын декабрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин А. аттуу жаран ишенимге кирип, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен анын 38 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган.
Мындан тышкары, алимент төлөмдөрүн 8 300 сомдон 4 700 сомго чейин төмөндөтөрүн убадалап, арыздануучуну жаңылыштырып, олуттуу материалдык зыян келтирип, качып жүргөн.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталып, кылмыш-жаза процессу 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүү алынган акча каражаттарын өзүнүн жеке муктаждыктарына жумшаганы аныкталган.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
Сүрөт: Чүй ОИИББ




