Чүй, Кадамжай, Кара-Кулжа райондоруна акимдердин орун басарлары дайындалды
- 1 месяц мурун
Бир катар райондордун акимдеринин орун басарлары дайындалды.
Айжан Асанбаевна Акматова Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;
Мирланбек Акматов Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин орун басары;
Кубатбек Осмонов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун администрациясынын башчысынын-акиминин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-мартта кол койгону тууралуу МинКаб сайтында кабарланды.
Буга чейин Министрлердин кабинетинин төрагасынын чечими менен бир катар акимдердин орун басарлары, анын ичинде Кадамжай, Кара-Кулжа райондорунун акимдеринин орун басарларын кызматтан бошотулган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан