Cалык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 млн. сом кайтарылды

  • 1 год мурун

Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын системасындагы коррупциялык фактыларды иликтөөдө, анын алкагында 10 салык инспектору жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлорунун кылмыштуу аракеттери боюнча маалыматтар алынган, алар “Ф” тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, республиканын бюджетине иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп, 3,3 миллион сом өлчөмүндө гана салык төлөшкөн.

Аталган кызмат адамдарынын жана “Ф” тобундагы компаниялардын салык төлөөдөн качуу түрүндөгү аракеттеринен келтирилген зыян 100 миллион сом экени аныкталып, Кыргыз Республикасынын бюджетине толук кайтарылды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, тергөө амалдарынын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу КР УКМК коомчулукка маалымдап турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты