BYPOLдун иликтөөсү: Бакиевдердин үй-бүлөсү Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 млн доллар берген  

Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларустун Президенти Александр Лукашенконун калкалоосу үчүн кеминде 1,6 млн доллар берген.

Иликтөө күч структураларынын Беларусь бийлигине каршы турган мурдагы кызматкерлеринен түзүлгөн BYPOL демилгесинин иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө алар кийинки кездерде Александр Лукашенкого пара берген кишилердин тобу тууралуу жазылган. Пара берген кишилердин арасында экинчи орунда Айжан Кененбаева — Максим Бакиевдин жубайы турат.

“Башка бирөөнүн аялы улгайып калган паракорго мынчалык эмнеге ырахматын айтмак эле. Албетте, өз Мекенинде күтүп турган соттон Бакиевдердин үй-бүлөсүн Беларуста калкалагандыгы жана жашыргандыгы үчүн берген. Расмий Минскинин кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн” деп айтылат иликтөөдө.  

Мурдагы күч кызматкерлери белгилегендей, Бакиевдердин аркасы менен Лукашенконун автопаркында айтылуу Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard пайда болгон, анын баасы 1,4 млн евродон кем эмес.

«Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard брондолгон машинаны ок да теше албайт, 15 килограмм тротил жардырса да жарылбайт” дешет авторлор.   

Мындан тышкары Кененбаева аркылуу  2018-жылы чыккан, баасы 26 500 доллар турган Harley-Davidson мотоцикл да берген.

BYPOL Бакиевдердин үй -бүлөсү Лукашенкого берген пара мындан да көп болушу мүмкүн экендигин белгиледи.  

BYPOLдун иликтөөсү: Бакиевдердин үй-бүлөсү Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 млн доллар берген  
BYPOLдун иликтөөсү: Бакиевдердин үй-бүлөсү Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 млн доллар берген  

Сүрөт: BYPOL.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты