БУУнун комиссиясы Украинада орус армиясы геноцид жасаганы боюнча далилдерди таба элек

  • 8 месяцев мурун

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) орус аскерлеринин Украинадагы аракеттерин азырынча геноцид катары баалай албайт. Бул тууралуу уюмдун Украинадагы аскердик кылмыштарды иликтөө боюнча комиссиясынын башчысы Эрик Мёсе билдирди.Эрик

«Учурда бизде Геноцид кылмыштарын алдын алуу жана бул үчүн жазалоо тууралуу конвенциянын юридикалык талаптарына тууура келе турган жетиштүү далилдер жок» деди Мёсе.

Ал 2022-жылы сентябрда «орус армиясы Украинада өтө чоң масштабдагы аскердик кылмыштарды жасап жатканын», алардын арасында уруп-сабоо, кыйноо, сотсуз өлүм жазасына тартуу, сексуалдык зомбулук, балдарга каршы кылмыштар, аскердик туткундарды кемсинтүү, аларга ырайымсыз мамиле кылуу жана калктуу конуштарды аткылоо жана бомбалоо сыяктуу кылмыштар бар экенин айткан.

Быйыл 18-сентябрда БУУнун Эл аралык соту Орусиянын Геноцид кылмыштарын алдын алуу жана бул үчүн жазалоо тууралуу конвенцияны бузганы боюнча Украинанын доо арызын карайт.

2023-жылы январда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму атайын баяндамасын жарыялап, 2022-жылы Украинанын аймагындагы көптөгөн эл аралык гуманитардык укук бузууларга орус армиясынын тиешеси бар экенин белгилеген.

Августтун аягында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы ар айлык баяндамасын чыгарган. Ага ылайык, Орусия согуш ачкандан бери Украинада 9 500дөн ашык жай тургун каза болуп, дагы 17 миңден көп киши жаракат алган. Алардын арасында 549 бала бар. Баяндамада бул тизмеге документ менен ырасталган учурлар гана киргизилгени белгиленген.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты