БУУ: Украинадагы согуш Экинчи дүйнөлүк согуштан берки качкындардын толкунун көбөйттү

  • 1 год мурун

Орусиянын Украинага кол салуусу Экинчи дүйнөлүк согуштан берки качкындар толкунун эбегейсиз көбөйттү. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги билдирди.

«7,9 миллион адам өлкөсүн таштап кетти, 5,9 миллиону Украина ичинде ары-бери көчүп жүрөт» деди БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Катарина Лумп.

Жалпы украиналык качкындардын саны 14 миллионго жетти. Бул 41 миллион калкы бар Украинанын үчтөн бири. Германия – АКШдан кийин эле украин бозгундарына эң көп жардам берген өлкө, 500 млн доллар бөлгөн.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн ичинде Польшада украин качкындары көп. 3-январга карата бул мамлекетте 1 553 707 украин жараны катталган.

Былтыр июль айында БУУнун качкындар иши боюнча агенттиги Украинадан 9 миллиондон ашык адам чыгып кеткенин маалымдаган.

Сүрөт: BTA.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты