БУУ: Ооганстанда апийим эгүү көбөйдү

  • 1 год мурун

БУУнун маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы 2022-жылы Ооганстанда апийим өндүрүү мурдагы жылга салыштырмалуу 32 пайызга көбөйгөнүн билдирди.

БУУнун башкармалыгы 2-ноябрда жарыялаган кыска баяндамасында апийим талаалары 233 миң гектарды түзгөнү айтылат. Бул 2021-жылы августта талибдер бийликти басып алгандан берки мыйзамсыз апийим экономикасы жөнүндөгү алгачкы баяндама.

Баяндамага ылайык, 2022-жылы апрелде Талибан апийим жана маңзат чыккан башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө тыюу салгандан бери апийимдин баасы кескин кымбаттап кеткен. Ооган фермерлеринин апийим өндүрүүдөн тапкан кирешеси үч эседен көп – 425 млн доллардан 1,4 миллиардга чейин көбөйгөн.

Талибан өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдунофе Такур апийим өстүрүү көбөйгөнү тууралуу маалыматты четке какты. Шейшембиде ал РСЕ/РС корпорациясына маңзат өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынганын айтты.

«Ушул тапта Ооганстан боюнча бир түп да апийим отургузулган жок, эч кимге бул иш менен алектенүүгө уруксат берилген эмес»деди ал.

БУУнун маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы Ооганстандан келген маңзат партияларынын конфискациясы жөнүндөгү маалыматтарга шилтеме берүү менен талибдер бийликке келгенден бери мыйзамсыз маңзат жүгүртүү токтобогонун белгилейт. Ооганстан дүйнөдө маңзат колдонуучуларынын 80% апийим менен камсыздайт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты