БУУ Масктын башкаруусунда Twitter’де адам укуктары бузулушу мүмкүн деп кооптонууда

  • 1 год мурун

Twitter’ди башкарууда адам укуктары борбордук орунда болушу керек.

Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Фолькер Тюрк аталган соцтармактын жаңы ээси Илон Маскка жолдогон ачык катында жазды.

Кат Маск платформадагы адам укуктарынын сакталышына жооп берген команданы толугу менен иштен алгандан көп өтпөй жазылды. Тюрк Маскттын бул чечимин «үмүт бербеген башталыш» деп атады.

«Сиздин жетектөөңүздүн алдында Twitter’ди башкарууда адам укуктарынын сакталышы негизги орунда болушун камсыз кылууга чакырам»деп жазды комитет башчысы.

«Би-Би-Си» БУУнун мындай ачык сынга алуусу – өзгөчө тажрыйба экенине көңүл бурду. Адатта уюм бизнес өкүлдөрүнө жашыруун кайрылат. Эгер олуттуу мыйзам бузуулар болсо маселени чечүүгө ал компания катталган өлкөнүн өкүлдөрүн тартып келген.

Илон Маск Twitter’ди октябрь айында 44 миллиард долларга сатып алып, андагы кызматкерлердин дээрлик жарымын – 3700үн иштен алган. Bloomberg агенттиги белгилегендей, персоналдын бир бөлүгү иштен кеткенин электрондук почтасына келген каттан билсе, көпчүлүгү корпоративдик системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгандан кийин билишкен.

Bloomberg’дин маалыматына караганда, жекшемби күнү Twitter’дин жетекчилиги иштен айдалган кызматкерлердин бир бөлүгүн кайрадан жумушка чакырды. Менеджмент айрым кыскартуулар ката болгонун мойнуна алган.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты