БУУ Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын ракеталык сыноосуна байланыштуу жыйын өткөрөт

  • 3 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын 19-октябрдагы ракета сыноосуна байланыштуу чукул жыйын өткөрөт.

Бул тууралуу жапониялык NHK телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул маселе боюнча жабык жыйын өткөрүүнү Улуу Британия, АКШ жана Франция өтүнгөн.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Пхеньян суу астында сүзүүчү баллистикалык ракетанын «жаңы түрүн» (SLBM) ийгиликтүү сынаганын маалымдашкан.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) ракетада «башкаруунун жетектөөчү көптөгөн технологиялары» бар экенин билдирди. Ага ылайык ракета Корей жарым аралынын чегинен алыс жайгаштырууга жана анын аскердик базаларына чабуул болгон учурда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Пхеньянга Коопсуздук кеңешинин резолюциялары боюнча өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталарды жасоого тыюу салынган. Бул үчүн санкциялар киргизилген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты