БУУ Газа тилкесиндеги Рафах шаарында азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту

  • 5 месяцев мурун

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин убактылуу токтотту.

Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги «X» социалдык түйүнү аркылуу билдирди.

Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет.

БУУнун билдирүүсүнө караганда, 6-майдан бери Рафахтан 900 миңдей киши чыгып кетти. Алар Газадагы «Аль-Мавази» лагерине жайгашты. Бул жерди Израил армиясы «гуманитардык аймак» катары жарыялаган. Рафахта дагы 400 миңдей киши бар.

Эл аралык уюм анклавдагы гуманитардык операциялардын баары үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин эскертти.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты