БУУ  2022-жылды тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялады

  • 2 года мурун

БУУнун Башкы ассамблеясы Нью-Йоркто 2022-жылды — Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялады.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча жана 93 мүчө-мамлекеттин тең авторлоштугунда 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тийиштүү резолюцияны бир добуштан жактырып, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялады.

Кабыл алынган документ мүчө-мамлекеттерге, БУУ тутумунун уюмдарына, башка эл аралык уюмдарга жана кызыкдар тараптарга, анын ичинде жарандык коомчулукка, жеке секторго жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүнө тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн жана тоо экосистемаларын сактоонун жана туруктуу пайдалануунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында эл аралык жылды жетиштүү түрдө белгилөөнү сунуштайт.

Эске салсак, резолюция биринчи жолу дүйнөлүк коомчулукка Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын сентябрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарындагы сөзүндө айтылган.

Резолюция эл аралык тоолор жылынын 20 жылдыгына жана 2002-жылы Бишкек тоо декларациясын кабыл алган Биринчи Глобалдык тоо саммитине карата жылдырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты