Бусурман Одуракаев Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды
- 4 недели мурун
Кыргыз эл артисти Бусурман Одуракаев Кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды.
Кинематографисттер союзунун XXIX съезди 10-январда өтүп, анда төрага шайланды. Ошондой эле союздун башкармалыгынын мүчөлөрү да шайланды.
Буга чейин аталган коомдук уюмда Таалайбек Кулмендеев төрага болгон.
Бусурман Одуракаев «Акбаранын көз жашында», комсомол секретарынын, «Куш өмүрдө» Ысмайылдын образын жараткан. Ошондой эле «Дарак ыры», «Акыркы көч», Мурас» ж.б. фильмдер тартылган.
Ал эми өзү “Айыл ажары” аттуу документалдуу тасма, кыска метраждуу “Саз” көркөм фильмин ж.б. тарткан.
Сүрөттө: Бусурман Одуракаев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




