БШК депутат Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 16-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиевадан ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арызын карады. БШК Гүлсүнкан Жунушалиеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту.
Гүлсүнкан Жунушалиева №29 шайлоо округунан 6688 добуш алып, депутат болуп шайланган.
Буга чейин депутаттык мандатын Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Куванычбек Конгантиев, Кундузбек Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу тапшырган.
Сүрөттө: Гүлсүнкан Жунушалиева. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




