Ботаникалык бактан өрт чыкты   

Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун Аалы Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бактын аймагында куураган чөптөн улам өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Өрттү өчүрүүгө саат 19:35те Октябрь райондук өрттөн сактоо №5 бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 20:19да чектөөгө алынып, учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты