Борбор шаарга жаңы автобустардын экинчи партиясы келди
- 2 месяца мурун
Кечээ, 24-ноябрда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы, 8 автобус келди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аталган долбоордун негизинде жалпысынан 95 автобус алынган. Учурда калган автобустар жолдо алынып келинүүдө.
Буга чейин 20 автобус келген, бүгүн кошумча 8, жалпы 28 автобус Бишкек шаарына жеткирилди.
Калган автобустар жакынкы аралыкта келери кабарланды.
Буга чейин Бишкек шаарына Кытайдын Yutong компаниясынын ишканасынан чыккан 95 автобус сатып алынганы кабарланган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




